29 июль 2025
Кароолор: 10
Кызыл-Кыя шаарында көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени жана «Эне Даӊкы» медалы тапшырылды

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Кызыл-Кыя шаарында 20 көп балалуу энелерге сыйлыктарды тапшырды. Алардын жетөөнө «Баатыр эне» ордени, он үчүнө «Эне Даӊкы» медалы тапшырылды.
Облус башчысы өз сөзүндө, энелердин балдарды татыктуу тарбиялап-өстүрүүдө жана үй-бүлө баалуулугун сактоодогу зор эмгегин белгилеп, бакубат турмуш, үй-бүлөлүк бакыт каалады.
Белгилей кетсек, быйыл Баткен облусунда жалпы 342 эне сыйланууда, алардын 163ү “Баатыр эне” ордени, 179у “Эне даңкы” медалына татыды.
Эске салсак, жети жана андан көп балалуу энелер «Баатыр эне» ордени менен, алты балалуу энелер «Эне Даӊкы» медалы менен сыйланат.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы