29 январь 2025
Кароолор: 27
Кызыл-Кыя шаарында 500млн сомдун эсебинен 4 обеъкттин курулушу жүрүүдө

Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500млн сомдун эсебинен, 2024-жылы Кызыл-Кыя шаарында үч долбоор ишке ашкан.
“Дʏң соода комплексин” курууга 39,7 млн сом каржыланып, негизинен коммуналдык чарба иштери жүрдү.
“Муниципалдык мейманкананын” курулушуна 23,8 млн сом каржыланган. Натыйжада бир жыйындар залы жана 15 бөлмөлүү имараттын курулушу жүрүүдө.
Шаар аймагына 17,6 млн сомго эки “Үй бүлɵлүк дарыгерлер тобунун” имараттары курулууда.
Жалпы 81,3 млн сом каржыланган объекттерде курулуш иштери уланууда.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулүнүн басма сөз кызматы