29 апрель 2025
Кароолор: 10
Кызыл-Кыя шаарына жаңы коомдук автобустар сатып алынды

Бүгүн 29-апрелде Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жаңыдан сатып алынган 10 автобус каттамга чыкты.
Саамалык салтанаттуу азем менен коштолуп, автобустардын ачкычтары айдоочуларга тапшырылды.
Иш чарага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, шаар мэри Алтынбек Бектуров жана шаар тургундары катышты. А.Ташбалтаев өз сөзүндө “жаңы транспорт каражаттарынын шаарыбызда жүрүшү, жергиликтүү бийликтин шаар тургундарынын жол жүрүүсүн жеңилдетүү, ыңгайлуу жана коопсуз шарт түзүү аракети” деп белгилеп, шаардыктарды куттуктады.
Автобустар Кыргыз-ϴзбек ϴнүктүрүү фонду аркылуу лизингге алынды. Техникалардын жалпы суммасы 740 000 АКШ долларын түздү. Анын 20,0 млн сому Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500млн сомдун эсебинен каржыланды. Япон технологиясы менен жасалып, Өзбекстанда куралган автобустарда заманбап, бардык шарты бар.
Белгилей кетсек, автобустардын келиши менен “Кызыл-Кыя шаардык автоунаа” муниципалдык ишканасында дагы 18 жумуш оруну түзүлдү. Буга чейин 38 адам эмгектенип турган. 2023-жылы да Кызыл-Кыя шаардык мэриясы Кыргыз-Өзбек Өнүктүрүү фонду аркылуу 10 автобус, 2 таштанды ташуучу унаа алган.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы