23 апрель 2026
Кароолор: 7
Кызыл-Кыя шаарын таза суу менен камсыздоо долбоору талкууланды
Кызыл-Кыя шаарын таза суу менен камсыздоо долбоору талкууланды
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун Кызыл-Кыя шаарына болгон иш сапарында, шаар мэри Бакытбек Кошалиев баштаган жетекчилердин катышуусунда, Кызыл-Кыя шаарын туруктуу таза суу менен камсыздоо маселеси талкууланды.
Долбоорго ылайык, Кадамжай районунун Кара-Кыштак айыл аймагынан, тактап айтканда Исфайрам-Сай дарыясынан Кызыл-Кыя шаарына чейин 25 чакырым аралыкта суу тартуу пландалууда. Суу өз нугу менен агып келүүсү каралып, бул өз кезегинде энергияны үнөмдөөгө жана эксплуатациялык чыгымдарды азайтууга шарт түзөт.
Долбоор толук ишке ашкан соң, 100 миңден ашуун тургун 24 саат бою үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз болот.
Учурда таза суу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда. Долбоордук документацияны даярдоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4 млн сом каражат бөлүнгөн.
Жетекчилер аталган курулушту республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуу маселелерин талкуулады. Облус башчысы долбоорду ишке ашыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү кароо зарылдыгын белгиледи.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы