04 февраль 2026
Кароолор: 8
Кызыл-Кыя: шаардыктар аэропорт куруу, борборго темир жол каттамын ачуу, шаарды газдаштыруу сыяктуу ири маселелер менен кайрылышты
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов бүгүн, Кызыл-Кыя шаарында жарандарды жеке маселелери менен кабыл алды.
Кабыл алууга облус башчысы менен бирге Баткен облусунун прокурору Абай Молдакматов жана Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Жукенов катышып, жарандардын көтөргөн маселелерине тиешелүү түшүндүрмөлөрдү беришти.
Көчмө коомдук кабылдаманын негизги максаты — облустун алыскы аймактарында жашаган жарандардын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү жана турмуш шарты оор адамдардын облус жетекчилиги менен түздөн-түз жолугушуусуна шарт түзүү, ошондой эле алардын көйгөйлөрүн жеринде угуп, ыкчам чечүү болуп саналат.
Кабыл алууда Кызыл-Кыя шаарынын аксакалдары облус башчысынын сапарына ыраазычылык билдирип, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган бир катар ири долбоорлор боюнча сунуштарын айтышты. Атап айтканда, шаардын инфраструктурасын чыңдоо, аэропорт куруу, Баткен-Бишкек багытында жүргүнчүлөр үчүн темир жол каттамын ачуу, ошондой эле шаарды газдаштыруу маселелери көтөрүлүп, бул демилгелер шаардын өнүгүүсүнө өбөлгө болоору белгиленди.
Мындан тышкары, бир катар тургундар шаарда 6 500 жаран турак жай куруу үчүн жер тилкелерин алууга кезекте турганын айтып, жер берүү маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты. Ошондой эле ипотекалык турак жай программалары боюнча суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.
Жарандар ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнести колдоо, жеңилдетилген насыяларды алуу шарттарын жөнөкөйлөтүү маселелерин да көтөрүштү.
Кабыл алуунун жыйынтыгында облус башчысы жарандардын кайрылуулары көзөмөлгө алынаарын, тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга тапшырмалар берилерин белгилеп, мыйзам чегинде ар бир маселе боюнча иш алып баруу улантылаарын айтты.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы