10 октябрь 2025

Кароолор: 23

Кызыл-Кыя шаардык мэриясына атайын техникалар тапшырылды

Кызыл-Кыя шаардык мэриясына атайын техникалар тапшырылды

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов,Кызыл-Кыя шаарында атайын техникаларды тапшырды.

Шаар көчөлөрүн тазалоочу унааны сатып алуу үчүн, Баткен облусун өнүктүрүү фондунан 5 млн 214миң сом каржыланып, шаардык бюджеттен 1млн 340 миң сом бөлүнгөн.Жалпы 6 млн 554 миң сомго сатылып алынды.

Экинчи унаа шаардагы "Золотой квадрат" курулуш компаниясынан белек катары берилди.Ал шаардагы курулуш жана инфраструктуралык жумуштарды аткарууда пайдаланылат.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы