23 май 2026
Кароолор: 8
КЫЯЛЫМДАГЫ КЫРГЫЗСТАН БАТКЕН-2026
КЫЯЛЫМДАГЫ КЫРГЫЗСТАН БАТКЕН-2026
Жаштардын достук, ынтымак жана кызматташтык аталышындагы эл аралык туристтик форум-фестивалы
Баткен облусунун Кадамжай шаарында өтүп жаткан иш-чаранын максаты — Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын өнүктүрүү, аймактар аралык байланышты чыңдоо, коңшу мамлекеттер менен достук алакаларды бекемдөө, ошондой эле улуттук каада-салттарды, кол өнөрчүлүктү, маданиятты жана спорттук активдүүлүктү даңазалоо.
Форум-фестиваль Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу астында, Кыргызстан Жаштар кыймылынын демилгеси менен,КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте уюштурулду.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Кадамжай районунун акими Болоткан Баяке уулу жана өлкө аймагынан келген 100 жаш лидердин катышуусунда Кадамжай шаарындагы туу көтөрүү аземи менен башталды.
Андан соң иш-чара борбордук стадиондо уланып, жетекчилер Өзбекстан жана Тажикстандан келген делегациялар менен бирге IV Гилем фестивалы, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукцияларынын жарманкеси менен таанышып чыгышты.
Ошондой эле алар жаш ойлоп табуучулардын кесипке багыт берүүчү “Технофест” иш-чарасына катышышты.
Майрамдык иш-чаранын расмий бөлүгү башталып, туристтик сезондун ачылышына старт берилди.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов жалпы элди фестивалдын ачылышы менен куттуктап, бул иш-чара өлкө аймактарынын, коңшу өлкөлөрдүн жана ар улуттун жаштарынын башын бириктирген достуктун жана кызматташуунун аянтчасы болоруна тилектештигин билдирди. Ошондой эле ал жаштарды өлкөгө кызмат кылууга шыктандырган маанилүү иш-чара болоруна ишеним артты.
Форумга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бурул Аманова жана район акими Болоткан Баяке уулу да катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, каалоо-тилектерин билдиришти.
Бул күнү элге майрамдык маданий иш-чаралар тартууланып, ыр-бийлер жаңырууда.
Алдыда элге чоң гала-концерт тартууланат.
Белгилей кетсек, аталган иш-чаранын алкагында кечээ Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарларында футбол жана волейбол боюнча спорттук мелдештер, жаш ишкерлер үчүн бизнес-форум, ошондой эле жаш мугалимдер жана окуучулар арасында “Акылман ордо” интеллектуалдык оюну өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө 2000дей айым катышкан чуркоо марафону да өттү.
Форум-фестиваль БУУнун Тынчтык куруу фондунун, БУУӨП жана Эл аралык миграция уюмунун колдоосу менен уюштурулду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы