29 август 2023

Кароолор: 68

Кыялбек Төлөнбаевге “Баткен облусунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругуна ылайык,  Баткен облусунун аймагында коопсуздукту камсыз кылууда, калктын жашоо турмушун жакшыртууда, элдин биримдигин, достугун бекемдөөгө кошкон өзгөчө зор салымы жана атуулдук милдеттерин аткарууда жетишкен албан ийгиликтери үчүн полковник Төлөнбаев Кыялбек Жоробаевичке “Баткен облусунун Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.  

Наамды бүгүн 29-августта КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, облус активи катышкан жыйында салтанаттуу тапшырды. 

Кыялбек Төлөнбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагындагы чек ара бөлүктөрүндө 15 жыл кызмат өтөдү. Ал буга чейин Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыынын башчысы кызматын аркалап турган. 

Белгилей кетсек, КР УКМК Төрагасынын буйругуна ылайык, полковник Төлөнбаев Кыялбек Жоробаевич КР УКМК Чек ара кызматынын башка  кызмат ордуна которулду. 

Ал эми КР УКМКнын Төрагасынын дагы башка буйругуна ылайык, полковник Надырбеков Замирбек Касымбекович Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы кызмат ордуна дайындалды. 

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы