14 август 2024

Кароолор: 32

Кышка даярдык боюнча коомдук угуу өттү

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, бүгүн 14-августта күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү.

Сулүктү шаарында өткөн жыйынга “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын, монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, салык кызматынын өкүлдөрү, облус аймагындагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл аймак башчылары, мекеме ишканалардын жетекчилери, көмүр кендеринин ээлери катышты.

Жыйында Баткен облусунун мекеме ишканаларын жана калкын арзан көмүр менен камсыз кылуу, туруктуу, ыңгайлуу бааны бекитүү маселелери каралды.

Тимур Мадяров өз сөзүндө кышка даярдык боюнча белгиленген иш чаралардын мөөнөтүндө аткарылуусуна жетекчилердин көңүлүн буруп, көмүр кендер менен жергиликтүү бийдиктин же мекеме ишканалардын ортосундагы келишимдерди түзүү иштерин илгерилетүү, жер жерлерде көмүр базаларын ачуу, көмүргө болгон бааны туруктуу кармоо боюнча тапшырмаларды койду.

КР Президентинин Баткен облусунедагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы