31 март 2025

Кароолор: 15

Кыргызстан,Өзбекстан,Тажикстан мамлекеттеринин чек ара сызыгынын кесилишине курулган символикалык стеланын ачылуу аземи өттү

Кыргызстан,Өзбекстан,Тажикстан мамлекеттеринин чек ара сызыгынын кесилишине курулган символикалык стеланын ачылуу аземи өттү

Ынтымактын символу болгон стеланын салтанаттуу ачылуу аземи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров,Өзбек Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев,Тажик Республикасынын Президенти Имомали Рахмондун онлайн катышуусунда ачылды.

Үч өлкөнүн мамлекет башчылары Тажикстандын Худжанд шаарында туруп, ачылууга старт беришти.

Жеринен иш чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Өзбекстан Республикасынын вице-премьер-министри Ачилбай

Раматов, Тажик Республикасынын вице-премьер-министри Сулаймон Зиёзод катышты.

Жетекчилер ынтымак менен биримдикти чагылдырган курулуштун ачылуусу, кошуна элдердин кылым карыткан ынак мамилесин бекемдөөгө зор өбөлгө болоорун белгилешти.

Стеланын курулушу чектеш жайгашкан үч өлкөнүн мамлекеттик чек арасынын делимитациялоо иштеринин аякташын билдирет.

Аталган курулуш Кыргызстандын Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Гара айылынын Кошмоло талаасы менен Өзбекстандын жана Тажикстандын чектешкен жерине курулду.

КРнын Президентинин Баткен облусунлагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы