24 март 2025

Кароолор: 6

Кыргызстанда өндүрүлгөн автоунааларды насыяга алсаңыз болот

Кыргызстанда өндүрүлгөн автоунааларды насыяга алсаңыз болот

КРнын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, ата мекендик өндүрүштөгү автомобилдерге жана жүк ташуучу коммерциялык транспортко суроо талапты стимулдаштыруу үчүн, жарандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, “Автокредитти жеңилдетилген каржылоо-2” долбоору старт алды.

Мамлекеттик бюджеттен каржыланган долбоорду “Элдик Банк” жана “Айыл Банк” ишке ашырат.

Жеңилдетилген жана ислам принциптери боюнча берилүүчү насыя мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жеке жактарга жана юридикалык жактарга, ишкерлерге берилет.

Унааларды жеткирип берүүчү “ДТ Техник”ЖЧКсы.

Насыя 60 ай мөөнөткө берилет.

Ошондой эле унааларды алууда 20 пайыз баштапкы төлөмү болушу керек, же “Кепилдик фонд” кепилдик берүүсү кажет.

Ата мекендик унааларды алуу шарттары боюнча кеңири маалымат алуу үчүн, жер жерлерде "Айыл Банк" менен "Элдик Банкка" кайрылсаңыздар болот.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы