06 март 2026

Кароолор: 5

КЫРГЫЗСТАНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ Баткенде үрөн тоголоктору ыкмасы менен бадам себилүүдө

КЫРГЫЗСТАНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ

Баткенде үрөн тоголоктору ыкмасы менен бадам себилүүдө

Баткен облусунда деградацияланган жерлерди жашылдандыруу боюнча пилоттук эл аралык иш-чара өтүүдө. Иш-чаранын алкагында эл аралык практикада кеңири колдонулуп келе жаткан үрөн тоголоктору (seed balls) ыкмасы пайдаланылды.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен уюштурулуп, ага облус башчысынын биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өкүлү Олег Гучгельдиев, токой чарба кызматкерлери катышты.

Аталган ыкма биогумус менен топурактын аралашмасынан даярдалган тоголокторго бадам дарагынын үрөндөрүн кошуу аркылуу ишке ашырылууда. Бул технология кургакчыл жана климаттык шарттары татаал аймактарда жогорку натыйжалуулугун көрсөтүп келет.

Долбоор климаттык өзгөрүүлөрдүн шартында Баткен облусунун аймагында экологиялык туруктуулукту камсыз кылууга жана токой фондун калыбына келтирүүгө багытталган.

Иш-чара Баткен районунун Сортташ участогунда жана Кадамжай районунун Үч-Коргон токой чарбасынын аймагында 8 гектар аянтка себилүүдө.

Долбоорду ишке ашырууга Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (FAO) программасы колдоо көрсөтүүдө.

Белгилей кетсек, бул демилге Кыргыз Республикасынын Президентинин 2030-жылга чейинки тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык программасынын алкагында ишке ашырылууда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы