26 декабрь 2025
Кароолор: 8
Кыргызстан менен Тажикстан алмашкан аймактардагы кыймылсыз мүлктөрдү өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү иштери жыйынтыкталды
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын тең Төрагалары К. Ташиев менен С. Ятимовдун тапшырмаларына ылайык, аталган комиссиянын демаркациялык жумушчу топторунун протоколу менен бекитилген “Кыймылсыз мүлктү инвентаризациялоо тартибинин” негизинде, райондук жана облустук деңгээлде комиссиялар түзүлүп, алмаштырылуучу айылдардагы кыймылсыз мүлктөргө инвентаризациялоо жүргүзүлдү.
Ага ылайык, 2025-жылдын 24-декабрында, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, кыймылсыз мүлктү инвентаризациялоо боюнча комиссиянын төрагасы Бактыбек Токсонбаев, Тажикстан Республикасынын мамлекеттик мүлктү жана инвестицияларды башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, кыймылсыз мүлктү инвентаризациялоо боюнча комиссиянын төрагасы Султон Рахимзода менен жолугуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгы менен, алмаштырылуучу айылдардагы кыймылсыз мүлктөрдү өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү боюнча акттарга кол койду.
Тактап айтканда, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук жана Дөбө айылдарынын, Ак-Татыр айыл аймагынын Таш-Тумшук айылынын жана Көк-Терек, Мазеиттин жери участкаларынын, Самаркандек айыл аймагынын Тескей участкасынан турак жайлар, бош жер тилкелери, соода борбору, нефтегаз скважинасы жана башка объектилер Тажикстан Республикасына өткөрүлүп берилди.
Ал эми Тажикстан Республикасынын Исфара районунун Сомониён, Сурх, Кожо-Аьло, Богистон, Кургонча айылдарынан, Б.Гафуров районунун Оочукалача айылынан, Хизтеварз айылдык кеңешинен жана Дж. Расулов районунун Лолазор жана Маданият айылдарынан турак жайлар, бош жер тилкелери, социалдык объектилер, Чек ара өткөрмө пункту, чек ара тозоттору, нефтегаз скважиналары ж.б объектилер өткөрүлүп алынып, ички иштер органдарынын жана чек ара кызматкерлеринин кайтаруусуна тапшырылды.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы