13 март 2025
Кароолор: 24
Кыргыз-тажик чек арасындагы “Кайрагач” жана “Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иши жанданды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 13-мартта, эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы "Кайрагач" жана "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин кайра жандантуу аземине видео байланыш режиминде катышты.
Иш-чара Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында өткөрүлүүдө.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери өткөрмө пункттарынын ишин жандандырууга толук даяр экендиктерин билдиришти.
Жеринен иш чарага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода катышты.
Кыргыз тараптын докладынан кийин Президент Садыр Жапаров көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин баштоого буйрук берип, андан соң кыргыз тараптан шлагбаумдар көтөрүлдү.
Андан соң Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Тажикстандын аймагындагы көзөмөл-өткөрмө пунктунун ишин жандандырууга буйрук берип, шлагбаумдар көтөрүлдү.
Бул күнү туугандарын күтүп чек арага келген, төрт жылдан бери көрүшпөгөн кыргыз-тажик чек арасындагы туугандардын көрүшүүсүнө шарт түзүлдү.
Ошондой эле облус башчыларынны катышуусунда, чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайларынан эки тарапка автоунаалар өттү.
Белгилей кетсек, "Кайрагач" жана "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат жана эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы соода, экономикалык кызматташтык жана достук байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.