13 март 2025

Кароолор: 25

Кыргыз-тажик чек арасында майрамдык маданий иш чаралар өтүүдө

Нооруз майрамын утурлап, кыргыз-тажик чек арасынын расмий ачылуусунун урматына, Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облусунун чектешкен аймагында майрамдык иш чаралар уланууда.

Иш чараларга КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода баштаган чектеш район башчылары, жана жергиликтүү кыргыз-тажик элдери катышууда.

Облус башчылары кошуна жашаган кыргыз-тажик элин бул тарыхий күн менен куттуктап, алдыда эки элдин ынтымагын бекемдөө, ар тараптуу кызматташуусун жандантуу аракеттери көрүлөөрүн айтышты.

Бул күндүн урматына чек арада кыргыз-тажик элдеринин улуттук баалуулуктарын даңазалаган иш чаралар уюштурулду.

Сүмөлөк кайнап, улуттук тамак аш жана кол өнөрчүлүк көргөзмөлөр жайылды.

Жергиликтүү таланттардын улуттук ыр бийлери жаңырды.

Белгилей кетсек, бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы “Кайрагач” жана “Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иши жанданды.

Аталган өткөрүү пункттары 2021-жылдын май айынан бери жабык турган.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы