31 май 2025
Кароолор: 13
Кыргыз-өзбек-тажик жылдыздары бир сахнада

Кыргыз-өзбек-тажик жылдыздары бир сахнада
"Ыр майрам" Эл аралык фестивалынын алкагында, Баткен шаарынын борбордук стадионунда чоң Гала концерт өтүүдө.
Алгач үч элдин ынтымагын чагылдырган сахналаштырылган көрүнүш тартууланды.
Майрамдык иш чараны КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов ачып, кошуна жашаган үч элди тынчтыкты жар салган "Ыр майрам"менен куттуктады.
Майрамдын расмий бөлүгүндө Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасынын орун басары Зайнура Азими сөз сүйлөп, бул иш чаранын кошуна элдердин өз ара ишенимин жана ынтымагын бекемдөөдө мааниси зор экенин белгилешти.
Гала концертте Кыргызстандан белгилүү ырчылар;
Саламат Садыкова
Роза Аманова
Ырыскелди Осмонкулов
Самара Каримова
Аскат Мусабеков
Миргүл Асаналиева
Нурлан Насип жана башка ырчылар таланттарын тартуулоодо.
Өзбектандан легендарлуу Ялла тобунун солисти Фаррух Закиров,
Севинч Муминовалар элге жагымдуу маанай тартуулады.
Тажикстандан Дилноза Каримова, Хасан Камол, Шерози Камол жана башка ырчылар,бийчилер катышууда.