31 август 2023

Кароолор: 142

Кыргыз мамлекетин түптөгөн улуу инсандар эскерилди

КР Эгемендүүлүк күнү Баткенден чыккан,өлкөнүн көз карандысыздыгына жетишүүсүнө салым кошкон, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Исхак Раззаков, Абдыкадыр Орозбеков,Мурат Салихов,Абсамат Масалиевдердин  эстелигине гүл чамбарлар коюулуп, эмгектери эскерилди.

Иш чарага КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов,КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев,Жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Турганбаев,жергиликтүү жетекчилер катышып,улуу инсандын арбагына багышталып Куран окулду.

Жетекчилер кыргыз элинен чыккан улуу инсандардын кыргыз мамлекетин куруудагы,түптөөдөгү эбегейсиз эмгектерине таазим этип, бата кылышты.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы