03 апрель 2026
Кароолор: 7
Курултайдын делегаты: Ата мекендик учак менен, жеткиликтүү баада борборго каттап калдык
III Элдик Курултайдын делегаты, Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын тургуну Ысак Пазылов, аталган курултайда Раззаков шаарына авиакаттамдардын санын көбөйтүү маселесин көтөргөн. Анткени ошол 2024-жылга чейин, өлкө борборунан эң алыста жайгашкан Раззаков шаарына жумасына бир жолу гана каттам аткарылып турган. Мындан улам, Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары үчүн, 1200 чакырым жолдо, 20 саатка чейин жол жүрүү өтө кыйынчылыктарды жаратып жатканын айткан.
Бүгүнкү күндө делегаттын жана жергиликтүү тургундардын суранычы аткарылып, Бишкек-Раззаков-Бишкек каттамы боюнча авиакаттамдар жумасына 6 ирет аткарылууда.
Делегат Ысак Пазылов өз сөзүндө, Кыргызстандын эң алыскы аймагы менен борборду байланыштырууда, эл үчүн мындай шарт түзүлүлгөнүнө канааттангандыгын айтып, өлкө жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.
Ошондой эле жеке авиакомпаниялар тарабынан билет баасынын 8 миңге чейин көтөрүлүүсү карапайым калктын чөнтөгүнө оор болуп келгенин белгилеп, учурда билет алуу, Ата мекендик “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясынын сайты аркылуу 4800сомдон жеткиликтүү болгонун айтты.
Ата мекендик авиакомпаниянын ишке кириши, мамлекеттик учактардын каттамга коюлушу, авиакаттамдардын көбөйүшү менен билет бааларынын арзандашын шарттап, өлкө борборунан алыста жайгашкан Баткен облусунун элинин муктаждыгын жеңилдетти.
Белгилей кетсек, 2026-жылдан тарта Президент Садыр Жапаровдун чечими менен, билет баасына байланышкан маселеде, мамлекет чыгымдардын бир бөлүгүн өзүнө алды. Натыйжада өлкө ичиндеги аймактарга болгон аба каттамдарга баалар базар баасынан төмөнкү чекте белгиленген.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы