30 июнь 2023

Кароолор: 49

Куралдуу жаңжалда курман болгон чек арачынын эстелиги ачылды

Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагынын Мурас айылында, мекенди коргоодо баатырларча курман болгон Жанибек Якубовдун эстелиги ачылды.

Иш чарага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Алихан Ураимов, Лейлек районунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, маркум Якубовдун жакындары, айылдаштары катышты.

Жанибек Якубов КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында аскердик кызматын аткарып келип, акыркы 6 жылда мамлекеттик чек ара кызматында кызмат өтөп жүргөн.

Ал 2022-жылдын 17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда баатырларча курман болгон.

25 жаштагы чек арачынын эрдигин түбөлүккө калтыруу максатында айылдаштары анын эстелигин тургузуу демилгесин көтөргөн.

Демилгени Кең-Талаа айыл аймагынын жетекчилиги колдоого алып, курулушу башталган.

Эстеликтин ачылуу аземинин катышуучулары, Якубовдун баатырдыгын, мекенди коргоодогу эркттүүлүгүн, эрдигин жогору баалап,анын ысмы элинин жүрөгүндө түбөлүк сакталаарын айтышты .

Жетекчилер болсо баатырды тарбиялап өстүргөн ата-энесине таазим этип,анын эрдиги сыймык менен айтылаарын белгилешти.

Жанибек Якубов үй-бүлөдө беш бир туугандын кичүүсү болгон.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы