13 март 2026
Кароолор: 4
КУЛАКТАНДЫРУУ!
"Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" мыйзамга ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
-Полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды өндүрүүгө, сатууга;
-Соодада жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө полимер пленкасынан жасалган пакеттерди акысыз берүүгө.
Бул боюнча 2023-жылдын 9-августунда № 177- Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жазылган.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында полимер материалдарынын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары, 2027-жылдын 1-январынан тартып - Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында бул багытта мыйзамсыз иш аракеттерге жол бербөө боюнча контролду жүзөгө ашырат жана чараларды көрөт.
Мындан улам, Баткен облусунун аймагындагы ишкерлерге, бул багытта аракеттерди көрүүсү зарыл экендигин эскертебиз.
Белгилей кетсек, буга чейин Кызыл-Кыя шаарында кагаз баштыктарын чыгарган муниципалдык ишкана ишке кирген. Баткен облусунун ишкерлери, аталган ишкана менен келишим түзүп, кызматташууга баруусу учур талабы.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы