28 апрель 2025
Кароолор: 10
Кулактандыруу!

Жеңиш күнүнө карата "Өлбөс полк" жүрүшү өтөт
Баткен облусунун аймагында Улуу Жеништин 80 жылдыгына карата, жыл сайын уюштурулуп, салтка айланган "Өлбөс полк" жүрүшү өткөрүлөт.
Иш чара облустун бардык район шаарларынын борборунда, 2025-жылдын 9-майында, саат 9:30да башталат.
Бул күнү облус тургундарын Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун катышуучуларынын сүрөтү менен келип, жүрүшкө катышып, ата-энелерибиздин эмгегин эскерип, эрдигин даңазалоого чакырабыз.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы