28 январь 2025

Кароолор: 28

Кулактандыруу!

Кулактандыруу!

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун тапшырмасына ылайык, 2025-жылдын 1-февралынан тарта, Баткен облусунун аймагында негизги көчөлөрдү иретке келтирүү максатында, мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иш чаралары башталат.

Белгилей кетсек, буга чейин кызыл сызык чегинен чыккан мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү боюнча менчик ээлерине эскертүүлөр берилген. Эскертүүлөргө ылайык, жеке жактар белгиленген мөөнөткө чейин курулмаларды алып, коомдук пайдалануудагы жерлерди бошотуусу зарыл.

Иш чаранын максаты- мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу, жарандардын коопсуздугун сактоо жана ыңгайлуу шарт түзүү.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы