09 май 2025
Кароолор: 11
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун Улуу жеңиш майрамы менен куттуктоосу

Урматтуу мекендештер!
Берекелүү Баткен аймагынын тургундары!
Ардактуу ардагерлер!
Сиздерди бүгүнкү Улуу Жеңиштин 80 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм!
1945-жылдын 9-майы биздин тарыхыбыздагы улуу күн.
Бул жеңиш — эрки күчтүү, жүрөгү мекен деп соккон ата-бабаларыбыздын кайратмандыгынын, чыдамкайлыгынын жана эрдигинин жемиши.
Алардын эрдигине таазим этүү — ар бирибиздин ыйык милдетибиз.
Бүгүнкү тынч заманда жашап жатканыбыз дал ошол эр жүрөк жоокерлердин түйшүктүү күрөшүнүн натыйжасы.
Ардагерлерибизге, тылда эмгектенген ата-апаларыбызга терең ыраазычылык билдиребиз.
Сиздердин эрдигиңиздер жана эмгегиңиздер түбөлүк эскерилет.
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанган болсо 160 миңден ашуун жоокер согушта курман болгон.
Алар мекен үчүн жанын курмандыкка чалган.
Баатырдык менен элин, жерин коргогон кыргызстандык 71 жоокер Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыган.
Алардын катарында Баткен облусунан барган Самат Садыков атабыз да бар.
Эрдиги менен кыргыз элинин тарыхында унутулгус из калтырган, аталарыбыздын ысымы ар дайым урмат-сый менен эскерилет.
Миңдеген аталардын өмүрү менен келген Жениш күнү ошон үчүн ыйык.
Улуу Жеңиш майрамы ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубат жашоо жана жаркын келечек тартууласын.
Эл-журтубуз аман, өлкөбүздө тынчтык жана туруктуулук, өнүгүү болсун!
Жеңиш күнүңүздөр кут болсун!
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү генерал-майор Айбек Шаменов