26 июль 2024

Кароолор: 40

Коллегиянын чечими менен бир катар жетекчилердин ишине баа берилди

Бүгүн 25-июлда Баткен облусунда 2024-жылдын алты айынын жыйынтыгын чыгарган облустук коллегия болуп өттү.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин жетекчилиги менен өткөн коллегияда, алты ай аралыгында аткарылган иштердин жыйынтыктары каралып, натыйжада бир катар жетекчилердин ишине баа берилди.

Облус башчысы Лейлек районунун жана Баткен районунун жетекчилигинин иштерин сынга алып, бир катар кемчиликтерди белгиледи.

Ошондой эле Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун директору Осмон Эркебаев жана Лейлек райондук салык кызматынын башчысы Арстан Жемуратовдордун ишиндеги кемчиликтери үчүн чара көрүү боюнча, КР Билим берүү жана илим министрине, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасына сунуш берүү чечими кабыл алынды.

Ал эми Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбеков, Баткен райондук Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун директору, координатор Асель Кошбаева, Баткен областтык бириккен ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Абдрашитовдордун иши канааттандыраарлык эмес деп бааланып, кемчиликтерди жоюу милдеттендирилди.

Аны менен катар Лейлек районунун Катраң айыл өкмөтүнүн башчысы Алимбек Халмуратов, Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Искендер Тилековдордун ишин кароо, кетирген кемчиликтери үчүн чара көрүү сунушу берилди.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы