16 февраль 2026

Кароолор: 8

Коллегия: Баткен облусу жыл жыйынтыгын чыгарды

Коллегияга КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана район-шаар башчылары, жалпы облус активи катышты.

Коллегияда маалым болгондой, 2025-жыл ичинде;

Өнөр-жай ишканалары тарабынан 10478,5 млн сомдук продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 123,3 пайызды түздү.

Айыл-чарба продукциясынын дүң чыгарылышы 31649,6 млн. сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 106,6 пайызды түздү.

Салык боюнча 3153,0 млн. сом салык төлөмдөрүн жана башка жыйымдарды жыйноо план катары жеткирилген болсо, чындыгында 3273,4 млн. сом чогултулуп план 103,8%, же болбосо планга салыштырмалуу 120,4 млн. сомго көп чогултулган.

2025-жылдын январь–сентябрь айларында облус боюнча чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмү 63 млн 135 миң АКШ долларын түзүп, анын ичинен тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 40 млн 97 миң АКШ долларын түзгөн.

Жеңилдетилген насыялар:“Айыл чарбасын каржылоо-13” долбоорунун алкагында Айыл Банк ААК жана Элдик банк ААК филиалдары тарабынан Жалпысынан 623 жаранга 308,9 млн сомдук насыялар берилген.

Жаңы жумуш орундарын түзүү багытында жыл ичинде облустун аймагында 8 600 жумуш орун түзүлгөн.

Баткен Бажысынын маалыматына ылайык экспорттун көлөмү 35 млн. АКШ долларын, импорттун көлөмү 136 млн. АКШ долларын түздү.

Жалпы облус боюнча 55,81 % турак үйлөр камсыздандырылды.

2026-жылдын түшүмү үчүн жалпы 9 000 гектар жер аянтына күздүк кылкандуу дан эгилүүсү пландаштырылса, иш жузүндө 7 376 гектар жер аянтына үрөндөр себилди. Калган 1 624 гектар жер аянтына жаздык кылкандуу дан эгиндерин себүү пландалууда.

Суу чарба объекттерин капиталдык ондоо иштерине республикалык бюджет эсебинен 150 млн сом бөлунүп капиталдык ондоо иштери аткарылды.

Ал эми 2025- жыл ичинде Баткен облусундагы урунтту окуяларга токтолсок;

Чек ара маселеси чечилди

Үстүбүздөгү жылдын 13-марты, Кыргызстан менен Тажикстандын эгемендүүлүк жылдарындагы тарыхий күн болду. Эки өлкөнүн башчылары Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон эки өлкөнүн чек арасын тактоо жөнүндөгү келишимге кол коюшту.

Чек ара бекеттери ачылды

13-мартта, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек аралары расмий ачылып, Баткен облусундагы "Кызыл-Бел" жана "Кайрагач" чек ара бекеттеринин ачылыш салтанаты өттү. Төрт жыл бою жабык турган чек аранын ачылышы, кошуна жашаган кыргыз-тажик элдери үчүн көптөн күткөн күн болду.

Түбөлүк достук декларациясы

31-мартта, Худжанд шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин үч тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгы менен Үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана Түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясына кол коюлду. Баткен эли үчүн бул аракет, тынчтыкка болгон зор ишенич болду.

Достук стелласы

Үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен чекитте символикалык стелла орнотулду. Стелла-кошуна элдердин достугун чагылдырып, чек ара маселелеринин толук чечилгендигин жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын, ынак коңшулуктун жаңы доору башталганын белгиси болуп калды.

Кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо иштери аяктап, 2025-жылдын 29-апрелинде чек арага зым тартуу иштери башталган. Бүгүнкү күнгө Лейлек жана Баткен райондорунун аймагында инженердик жабдуу жумуштары дээрлик 150 чакырым аралыкта аткарылды.

Жаңы-Баткен шаары

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун “Жаңы Баткен” шаарын куруу демилгеси Президент Садыр Жапаров тарабынан колдоо тапты.Натыйжада Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылында 760 гектар аянт трансформацияланды. 100миң адамга ылайыкташкан экологиялык жашыл шаардын долбоорлоо иштери жүрүүдө.

Жаңы айылдар түптөлдү

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоонун жыйынтыгында, облустун айрым аймактарын Тажикстан Республикасы менен алмашуунун натыйжасында, тургундарды көчүрүү үчүн, жаңы турак жай комплекстери курулуп бүттү. Баткен районунун Бужум айылынын Чет-Булак аймагына жайгашкан Жаңы Достук айылында 181 турак үй курулду. Ал эми Лейлек районунун Раззаков жана Максат айылдарында 76 үй курулду. Жалпы Баткен жана Лейлек району боюнча 257 үй курулуп, тургундар жайгаштырылды.

Заманбап стадион

Баткен шаарында 10 миң адамга ылайыкталган футбол стадионунун курулушу башталган. Мындай футболдук ири инфратүзүм Баткен аймагында алгачкы жолу ишке ашууда.

Ипотека

“Менин үйүм - 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында Баткен шаарында 12 кабаттуу "Асман резиденс №1" турак жай комплексинде ипотекалык үйлөрдүн курулушу жүрүүдө. Курманжан Датка-Алымбек Датка көчөлөрүндө, Садыков жана Нургазиев көчөлөрүндө курулуп жаткан үйлөрдөгү батирлердин жалпы саны 4272ни түздү.

Ачылыштар

2025-жыл Баткенде бир катар жаңы обьекттердин ачылышы болду. 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата 15 обьект ачылса. Жыл соңунда 25-декабрда 11 объект пайдаланууга берилди. Алар административдик имараттар, өндүрүш ишканалары, социалдык объекттер жана ири жол курулуштары болду. Өндүрүш ишканаларынын ачылышы, аймактын экономикалык өсүүсүнө шарт түзсө, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелеринин ачылышы, элдин социалдык муктаждыгын жеңилдетүүдө.

500млн

Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, жыл сайын республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сом акча каражатына, облуста жол, таза суу, сугат суу, киреше алып келүүчү өндүрүш ишканалары, туристтик объекттер курулууда. 2025-жыл үчүн бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен 12 долбоор ишке ашууда. Алардын 5и жаңы долбоор. Үч жылда 1,5млрд сом бөлүнүп, 62 долбоор ишке ашты.

Өнүктүрүү фонду

Баткен облусун өнүктүрүү фондунан, акыркы үч жылда 231млн 380миң сом каржыланып, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калктын жашоо деңгээлин көтөрүүгө багытталган жол, көпүрө, мектеп, бала бакча, оорукана, суу жана электр системалары сыяктуу 35 инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду каржылоо болгон. 12 ишкердик субъекттери колдоого алынган.

Жол

2025-жылга жалпы 61 жол объектисинде курулуш, оңдоо иштерин аткаруу пландалган, анын ичинде 92км шагыл жолдорду куруу жана оңдоо, 118км жолго асфальт төшөө каралган. Бул объектердин жалпы сметалык баасы 4,835млрд. сом. Жыл ичинде 40,5км шагыл жол куруу жана оңдоо, 83,313км жолду асфальттоо иштери аткарылып, жалпы каржылоо 1 299,8 млн. сомду түздү.

Зардалы

Баткендин эле эмес, Кыргызстандын эң алыскы, уникалдуу аймагы Зардалыда, Сары-Талаа-Кызыл-Таш-Зардалы автожолу пайдаланууга берилди. Жалпы узундугу 18км болгон жолдун курулушунун баасы 888,9млн. сомду түздү. Кожешкен дарыясы аркылуу узундугу 30метр болгон темир көпүрө курулуп, автоунаа каттамы камсыздалды.

Капиталдык курулуш

Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан, Республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесине ылайык, 2025-жылдын титулдук тизмесинде жалпы 94 объект каралса, жыл ичинде 426 409,5 миң сом каржыланып, жыл акырына чейин 15 социалдык объект эксплуатацияга тапшырылды.

Капиталдык курулуштар боюнча – 7 объект

Капиталдык оңдоп түзөө боюнча – 8 объект пайдаланууга берилди. Калган обьекттердин курулушу уланууда.

Ирригация

Ирригация тармагы Баткендин артыкчылыктуу багыты. Лейлек районунун Арка өрөөнүнө өз нугу менен суу чыгаруу үчүн Максат айылына дюкер курулууда.

Кадамжай районунда “Алгакадам” ири долбоору ишке ашууда.

Кадамжайда узундугу 35 км болгон Нургазиев каналын реконструкциялоо иштери башталды.

Узундугу 31 км болгон Кожо-Кайыр каналында реабилитациялоо жумуштары жүргүзүлдү.

Быйыл облуста ар кандай ыкма менен жалпы жаңы 1370 га жаңы жер өздөштүрүлдү.

Аскердик шарт

Жетиштүү шарт, татыктуу кызмат. Чек арада жайгашкан, стратегиялык аймактын күч түзүмдөрүнө мамлекеттик ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүүдө. Айлык маянанын жогорулашы, материалдык техникалык базанын чыңдалышы, кызматтык үйлөрдүн курулушу укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасын арттырууга өбөлгө болууда.

Эл аралык кызматташтык

Баткен облусунун жетекчилиги, эл аралык кызматташтык тармагында жана тышкы саясат айдыңында Өзбекстандын Фергана облусу,Тажикстандын Худжанд облусу жана Кыргыз-Беларусь, Кыргыз-Монголия мамилелеринин өнүктүрүү багытында макулдашууларга жетишти.

Эл аралык уюмдар менен кызматташуу багытныда АКШнын КРдагы атайын ыйгарым укуктуу элчилиги, БУУ, JICA, ЮНИСЕФ уюмдары менен кызматташуулар активдүү жүрүп келет.

Инвестиция

2025-жылдын январь–сентябрь айларында чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмү 63 млн 135 миң АКШ долларын түзүп, анын ичинен тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 40 млн 97 миң АКШ долларын түзгөн.

Сүлүктү шаарындагы 11-талаа көмүр кени, Лейлек районундагы Мегагазоблок ишканасы, күн электр станциясын куруу боюнча Баткен районунда “Ак-Татыр Энерго” ишканасы жыл ичиндеги ири инвестициялык долбоорлор болду.

Туризм

Жыл ичинде Баткен облусуна келген чет элдик жана жергиликтүү туристтердин саны жалпы 31697 адамды түздү, анын ичинен 2586 чет элден келген туристтер,

Мадыген геопаркы, Гавуян жайлоосу, Саймалуу Таш, Дугаба туристтик базасы туристердин кызыгуусун арттырууда.

“Социалдык контракт

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу боюнча 2025-жылга карата 2054 үй-бүлөгө квота берилип, толук берилип бүттү. 100 миң сомдон социалдык жардамга ээ болушкан үй бүлөлөр тигүүчүлүк, өндүрүш, мал чарбачылык, кызмат көрсөтүүлөр, соода сатык ж.б. тармактар боюнча ишмердүүлүк жүргүзүүдө.

Үй тибиндеги бала бакча

35 үй тибиндеги балдар бакчалары ачылып, анда 783 бала тарбияланып жатат. “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында облус аймагында 29 кыска мөөнөттүү балдар бакчалары ачылып, бул бакчаларда 1504 бала тарбияланууда.

Баткенде жүрөккө операция жасалууда

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын клиникасы Баткен шаарына өлкө башчысынын демилгеси менен курулуп, ишке кирди. Натыйжада Баткен эли ОШ,Бишкек шаарына шыпаа издеп убара тартып барбай калды. Баткен шаарында заманбап ооруканада борборбогудай сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүлүудө. Жүрөккө ондогон жабык операциялар ийгиликтүү жасалды.

Эл аралык Ыр майрам

Үстүбүздөгү жылдын 30-31-май күндөрү, кыргыз-өзбек-тажик элдеринин достугун даңазалаган маданий чоң иш чара болуп өттү.

Өзбекстандын Фергана облусунан жана Тажикстандын Согди облусунан атайын делегация жана белгилүү маданият өкүлдөрү келди.

Эл аралык Ыр майрам, кошуна жашаган кыргыз-өзбек-тажик элдеринин ынтымагын, өз ара ишенимин бекемдөө, чектеш облустар ортосунда кызматташууну өнүктүрүү максатын көздөдү.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлунүн басма сөз кызматы