15 май 2025

Кароолор: 32

Керектөөчү көңүл борборунда

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине  караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылдын 24-июлундагы №70 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” буйругунун аткарылышы боюнча иш чаралар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмү тарабынан 2025-жылдын 12-мартында Баткен шаарынын “Дыйкан базарынын” ишкерлерине түшүндүрүү иш чарасы өтүлдү.

Иш чарада Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ишкерлерге монополияга каршы мыйзамдардын нормаларын сактоону, товарлардын сактоо мөөнөттөрү жана адам өмүрүнө коркунуч келтирүүлөр жөнүндө түшүндүрмөлөр берилди.

Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата бир айлык иш планынын негизинде 2025-жылдын 17-мартында Баткен шаарынын мэриясында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында жергиликтүү бийлик органдарга консултациялык жардам берүү боюнча семинар кеңешме өтүлдү.

Кеңешмеде Баткен шаарынын мэриянын кызматкерлеринин катышуусунда,  муниципалдык кызматтарды сапаттуу көрсөтүү боюнча жана Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери жөнүндө жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Баткен облустук бөлүмдүн кызматкерлери керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында иш жүзүндө аткарылып жаткан иштер жөнүндө түшүндүрмөлөр берилди. Ал эми керектөөчүлөрдөн келип түшкөн арыздарды кароодо кызматташуу жагы каралып  пикир алмашуулар орун алды. Андан сырткары социалдык жактан маанилүү товарлардын кескин өзгөрүп жогорулап кеткенде, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо үчүн кайсы учурда мамлекеттик жөнгө салуу киргизүү боюнча   тийиштүү маалыматтар берилди. Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер жана кызматтын ишмердүүлүгү, милдеттери, функциялары боюнча дагы толук маалыматтар берилди.

Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата бир айлык иш планынын негизинде 2025-жылдын 18-мартында Баткен мамлекеттик университетинин Көп тармактуу колледжинин студенттерине “Керектөөчүлөрдүн укугу жөнүндө, сатуучу, жасоочу, кызмат кылуучулардын жоопкерчилиги боюнча” түшүндүрүүлөр өтүлдү.

Жолугушууда Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан студенттерге Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптары, керектөөчү өз укугун кандай коргой алары жана керектөөчүнүн укугу бузулганда кайсыл мамлекеттик органдарга кайрылуу керектеги боюнча толук маалымат түшүндүрүлдү. Андан тышкары студенттер тарабынан берилген суроолорго толук маалыматтар берилди.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын төрагасы Ж.Б.Орозбаев, анын орун басары М.М.Иманкулов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.К.Ташбалтаев, Кызматтын жалпы бөлүмүнүн адиси Н.Шадыбекова жана Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери  менен биргеликте 2025-жылдын 8-апрелинде өкүлчүлүктүн чоң залында Баткен шаарындагы жеке ишкерлер, Банк кызматкерлери, мекеме ишканалардын кызматкерлери менен коомдук жолугушуу болуп өттү. Ал жыйында төрт маселе каралды Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүдөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамы, акылуу кызматтар, социалдык маанидеги товарлардын баалары жана ар түрдүү маселелер  боюнча коомдук жолугушуу жыйыны    өтүлдү.

Жолугушуу учурунда Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын төрагасы Ж.Б.Орозбаев тарабынан Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр  киргизилип жаткандыгы жана жаңы электрондук коммерция мыйзамы кабыл алынып жаткандыгы, социалдык маанидеги товарлардын баалары боюнча  түшүндүрмөлөр берилди, жолугушууга келген адамдардын суроолоруна жооптор жана маалыматтар берилди.