30 декабрь 2024

Кароолор: 107

Кадамжайда жаңы көмүр кени ачылды

Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы “Табышкер” көмүр кени ишке кирип, көмүр казууга даярдыктар жүрүүдө.

Ишкана ачык ыкма менен жылына 440 тонна көмүр өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Алдыда жер астынан кен казуу да пландалган.

Кенди иштетүүгө инвестор 2 млн АКШ доллар каражатын инвестициялоодо. Биринчи этапта 50 жумушчу оруну түзүлүүдө.

Аталган жайда 3млн 246миң тонна көмүрдүн кору бар экендиги аныкталган.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы