19 ноябрь 2025

Кароолор: 8

Кадамжайда шагал жана бетон аралашмасын чыгарган мамлекеттик ишкана пайлаланууга берилди

Кадамжайда шагал жана бетон аралашмасын чыгарган мамлекеттик ишкана пайлаланууга берилди

Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарындагы Таш майдалоочу жана бетон заводунун курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.

Ишкананын ачылуу аземине КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов катышып, өндүрүш ишканасынын ачылышы,аймактын ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө болсун деген каалоо тилектерин билдирди.

Жетекчилер заводдун ишине старт беришти.

Муниципалдык ишкана суроо талапка жараша толук кандуу кубаттуулукта иштеген учурда, күнүнө 60 тонна шагал, 1000 м3 бетон аралашмасын даярдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Ишкананын курулушуна Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500млн сомдун эсебинен 32млн сом бөлүнгөн. Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттен 20млн сом жумшалган.

Натыйжада 10 жумуш оруну түзүлүп, заводдон түшкөн каражат жергиликтүү бюджетке киреше болот.

Ишкананын ачылуу аземинен соң,облус башчысы жергиликтүү тургундар менен жолукту.Эл аймактагы бир катар социалдык маселелерди айтып кайрылышты. Жеринде ар бир маселе боюнча тактоо,чечүү жолдору каралып,жооп берилди.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы