11 ноябрь 2025
Кароолор: 3
Кадамжайда шагал жана бетон аралашмасын чыгарган мамлекеттик ишкана курулду
Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарындагы Таш майдалоочу жана бетон заводунун курулушу аяктап, пайдаланууга даяр болду.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, бүгүн заводдун тесттик режиминдеги ишин көрдү.
Муниципалдык ишкана суроо талапка жараша толук кандуу кубаттуулукта иштеген учурда, күнүнө 60 тонна шагал, 1000 м3 бетон аралашмасын даярдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Ишкананын курулушуна Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500млн сомдун эсебинен 32млн сом бөлүнгөн. Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттен 20млн сом жумшалган.
Натыйжада 10 жумуш оруну түзүлүп, заводдон түшкөн каражат жергиликтүү бюджетке киреше болот.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы