03 октябрь 2025

Кароолор: 7

Кадамжай районунда жаңы оорукананын курулушу башталды

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында 90 орундуу, үч кабаттан турган, көп функционалдуу оорукананын курулушуна мезгил кутусу салынды.

Иш-чарага Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев баштаган жергиликтүу жетекчилер, «Ассанабиль» кайрымдуулук фондунун жана Кувейт мамлекетиндеги Шейх Абдулла Нурий уюмунун жетекчилери катышышты.

Оорукананын курулушу Кувейт мамлекетиндеги Шейх Абдулла Нурий уюмунун каржылоосу менен ишке ашырылууда.

Жаңы медициналык жайдын курулушу аймак тургундарынын сапаттуу медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

Ишмердүүлүк Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин башкаруусунда жүргүзүлөт.

Оорукана төмөнкү багыттарда иш алып барат.

-Эркектер үчүн ички оорулар бөлүмү

-Аялдар үчүн ички оорулар бөлүмү

-Балдар үчүн ички оорулар бөлүмү

-Гинекология жана акушердик бөлүмү

-Жалпы хирургия бөлүмү

-Кардиология

-Пульмонология

-Стоматология

-Отоларингология

-Дерматология

-Тез жардам кызматы

-Дарыкана

-Лабораториялар (4 даана)

-Физиотерапия бөлүмү

-Борбордук стерилизация бөлүмү

-Стационардык бөлүм (бейтаптарды кароо жана багуу)

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы