19 ноябрь 2025
Кароолор: 9
Кадамжай районунда ийне жалбырактуу көчөт отургузуу өнөктүгү жүрүүдө
Кадамжай районунда ийне жалбырактуу көчөт отургузуу өнөктүгү жүрүүдө
Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагынын Разьезд айылына тагыраагы Кызыл-кыя өткөрмө пунктунун жол четине 400 даана ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулууда.
Бул өнөктүккө бүгүн КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов барып катышты.
Белгилей кетсек. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын андан ары илгерилетүү, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу, айлана-чөйрөнү жакшыртуу жана токойлорду келечек муундар үчүн сактоо, ошондой эле токойлордун, бакчалардын, парктардын жана жашыл бактардын аянтын кеңейтүү жана көбөйтүү жөнүндө тескемеси бар.
Буга чейин “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында Кадамжай районунда 2025-жылдын жаз айларында 4640 даана бак- дарак көчөттөрү негизги унаа жол четтерине отургузулган.
Обоус башчысы көчөт отургузуу иш чарасынан соң Кызыл -Кыя өткөрмө пунктунун айланасындагы инфраструктуралык жумуштардын жүрүшүн да көрдү.
Ошондой эле Разьезд айылынын эли менен жолугуп,айылдагы маселелер боюнча баарлашты.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы