26 март 2024

Кароолор: 3

Юбилейлик медалдын эскизин даярдоого сынак жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата, юбилейлик медалдын эскизин даярдоого ачык конкурс жарыялайт.

Эскиздин долбоорунда Баткен областынын өзгөчөлүктөрү камтылуусу шарт.

Сынактын жеңүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдында түзүлгөн комиссия тарабынан аныкталат.

Жыйынтыгында,

1-орунга 15000 сом

2-орунга 10000

3-орунга 5000 сом акчалай сыйлык менен сыйланат.

Долбоорлор 2024-жылдын 25-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Уюштуруу инспектордук, кадр иштери жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнө тапшырылууга тийиш.

Дареги: Баткен шаары, Т.Садыков көчөсү – 1,

Тел.: 0(3622) 5-03-47, 0779389321