16 сентябрь 2025

Кароолор: 13

ИШКЕРЛЕРДИН ЖАНА ИНВЕСТОРЛОРДУН УКУКТАРЫН КОРГОО БОЮНЧА КОНСУЛЬТАТИВДИК КЕҢЕШТИН ОТУРУМУ ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Ишкерлерди коргоо багытындагы Жарлыктарынын жана башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча Баткен областынын прокурору Абай Молдокматовдун төрагалыгында Баткен областынын прокуратурасына караштуу Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңештин отуруму болуп өттү.

Отурумга КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн оун басары Абдирашит Ташбалтаев баш болгон жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жана ишкерлер катышты.

Кеңештин алкагында аймактагы ишкердикти өнүктүрүү, инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөсүндөгү мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө ишкерлердин укуктарын коргоо багытында прокуратура тарабынан көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалыматтар берилди.

Отурумдун жыйынтыгында бизнес субъектилеринин укуктарын коргоо боюнча конкреттүү сунуштар кабыл алынып, аларды ишке ашыруу багытында тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.

Облус прокурору Абай Молдокматов, ишкерлер жана инвесторлор үчүн ачык диалог түзүүгө, алардын укуктарынын сакталышын камсыздоого жана мыйзамдуулукту чыңдоого мындан ары да өзгөчө көңүл бурулаарын белгиледи.