27 июнь 2024

Кароолор: 48

Гүл көчөттөрүн өстүргөн күнөскана курулду

Кызыл-Кыя шаарында декаративдүү гүлдөрдү жана бадалдарды өстүрүү үчүн күнөскана курулду

Облусту өнүктүрүү фондунан 3млн сом жумшалып, күнөскананын биринчи этабы бүткөрүлдү. Алдыда жергиликтүү бюджеттин эсебинен, жылытуу системасы жасалат.

Күнөскана шаардын “Тазалык” ишканасынын аймагына курулду.

300кв метр аянттагы күнөсканага шаарды көрктөндүрүү үчүн гүлдүн түрлөрүнүн көчөттөрү өстүрүлөт. Бул иш аракет жыл сайын шаарды көрктөндүрүүдө каражатты үнөмдөйт жана сапаттуу көчөттөрдү алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Келечекте күнөскана шаарды эле эмес, Баткен облусун гүл көчөттөрү менен камсыздоону пландаган.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы