21 апрель 2025

Кароолор: 6

Футбол машыктыруучулары тажрыйбасын арттыруу боюнча окутуудан өттү

Баткен шаарында Азия футбол конфедерациясынын С категориясындагы лицензия алуу боюнча машыктыруучулар курсу ийгиликтүү аяктады.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, КРнын Футбол ассоциациясынын Баткен облусундагы Президенти Айбек Шаменов, машыктыруучуларга сертификаттарды тапшырды.

Бул окуу курсу Кыргыз футбол биримдиги тарабынан уюштурулуп, региондордогу машыктыруучулардын

кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатын көздөдү.

Окууга жалпысынан 16 катышуучу тартылып, алар теориялык жана практикалык сабактар аркылуу заманбап машыктыруучулук көндүмдөрдү өздөштүрүштү.

Программа АФКнын талаптарына ылайык түзүлүп, футболдук машыгууларды пландоо, оюнчулардын техникалык жана тактикалык даярдыгы, ошондой эле оюн анализи сыяктуу темаларды камтыды.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы