31 октябрь 2025

Кароолор: 6

Футбол боюнча облус башчысынын кубогу жыйынтыкталды

Футбол боюнча облус башчысынын кубогу жыйынтыкталды

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн футбол боюнча кубогуна облустагы мекеме ишканалардын кызматкерлеринен түзүлгөн жалпы 9 команда катышты.

Мелдештин негизги максаты — мекемелер арасындагы ынтымакты чыңдоо, спортту жайылтуу жана ден соолукту чыңдоо болуп саналат. Оюндар достук маанайда өтүп, командалар жогорку деңгээлде оюн көрсөтүштү.

Жыйынтыктоочу бөлүгүнө облус башчысынын орун басары Жаныбек Исаков катышып, футбол — команда менен иштөө, биримдик жана чыдамкайлыкты талап кылган спорттун түрү экенин белгилеп өттү.

Жыйынтыгында эң мыкты оюн көрсөткөн Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн командасы 1-орунду камсыз кылды.

Жеңүүчүлөргө өкүлдүн

кубогу, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул иш-чара жыл сайын уюштурулуп, спорт аркылуу ынтымакты жана достукту бекемдөөгө багытталат.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы