29 август 2023
Кароолор: 46
ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК МАЙРАМЫ БАТКЕНДЕ ЧОҢ САЛТАНАТ МЕНЕН ӨТӨТ

КР Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына арналган майрамдык салтанат Баткен шаарында өзгөчө шаң менен өтөт.
31-август күнү борбордук стадиондо саат 10:00дө кол өнөрчүлүк жана тамак-аш көргөзмөсү болот.
Саат 10:45де майрамдык салтанаттын расмий ачылышы башталат.
Жетекчилердин куттуктоосу менен бирге театрлаштырылган оюн-зоок, аскер бөлүктөрү тарабынан даярдалган атайын көрүнүштөр, концерттик программа тартууланат. Кошуна Өзбекстандын белгилүү эстрада жылдыздары да өз өнөрлөрүн тартуулашат.
Саат 12:40да майрамдын урматына спорттук иш чаралар башталат.
“Улуттук кыргыз күрөш”, “аркан тартыш”, “кол күрөш”, “таш көтөрүү” ”стол үстүндөгү теннис" боюнча аялдар жана эркектер арасында мелдеш өтөт.
Ар бир спорттук оюндар боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, байгелер тапшырылат.
Урматтуу Баткен облусунун тургундары!
Баткен шаарынын борбордук стадионундагы майрамдык маданий жана спорттук иш чараларга активдүү катышып, көңүл ачып кетиңиздер.
Элибиздин биримдигин сактаган, ынтымагын бекемдеген касиеттүү “Эгемендүүлүк күнүн” жакшы тилек менен, чогуу тосолу.