31 август 2023

Кароолор: 47

Эгемендүүлүк майрамы Баткенде чоң салтанат менен белгиленүүдө

КР Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына арналган майрамдык салтанат борбордук стадиондогу кол өнөрчүлүк жана тамак-аш көргөзмөсү менен башталды.

Андан соң майрамдык салтанаттын расмий ачылышы башталып,Баткен элин КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов,КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана жергиликтүү жетекчилер  улуу майрам менен  куттукташты.

Майрамдык иш чарага Өзбекстандын Сох районунан келген коноктор да катышып,куттуктоо,каалоо тилектерин билдиришти.

Салтанаттын жүрүшүндө  театрлаштырылган оюн-зоок, аскер бөлүктөрү тарабынан даярдалган атайын көрүнүштөр, концерттик программа тартууланды.

Майрамдын урматына спорттун “улуттук кыргыз күрөш”, “аркан тартыш”, “кол күрөш”, “таш көтөрүү” ”стол үстүндөгү теннис" боюнча аялдар жана эркектер арасында мелдештер өтүүдө.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы