14 март 2025
Кароолор: 7
Достук айылынын эли үчүн турак жай комплексинин курулушу башталды

Достук айылынын эли үчүн турак жай комплексинин курулушу башталды
КРнын Президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Баткен районунун Достук айылынын эли үчүн турак жай комплексинин курулушуна старт берди.
Кечээ, 13-мартта тажик президентинин мамлекеттик иш сапары болгонун белгилеген Каныбек Туманбаев, чек аранын чечилгени тарыхый күн экенине токтолду.
““101 жылдан бери чечилбей келген чек ара маселесине акыры чекит коюлду. Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевичтин жетекчилиги, УКМКнын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевичтин эмгеги менен талаш маселени тынчтык жолу менен чечүүгө жетиштик”-деди ал.
Мамлекеттин чек арасын тактоого жергиликтүү элдин салымы чоң экенин дагы айтты.
“Айрым тилкелер алмашуу жолу менен чечилди. Бул оңой чечим болгон жок, ар бир метр жер үчүн дыкат сүйлөшүүлөр жүрдү. Мамлекеттин кызыкчылыгы, чек арада жашаган элибиздин коопсуздугу биринчи орунда турду.
Сиздер бул чечимди туура кабыл алып, мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого салым кошконуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем”,-деди Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.
Чек арадагы эл үчүн Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылындагы Чет-Булак жерлигинен ар бир турак жай үчүн 10 сотыхтан жер ажыратылып, жалпы 179 үй курулат.
Белгилей кетсек, ар бир үй үч бөлмөлүү болуп, жашоо үчүн бардык шарты түзүлөт.
Курулушту күз айларына чейин бүткөрүү пландалууда.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы