05 август 2023
Кароолор: 44
Чолпон-Ата шаарында Баткен өрүгүн саткан жай ачылды

Ысык-Көлгө келген туристтердин агымы күчөп турган мезгилде, Баткен өрүгүн сатуу үчүн зор мүмкүнчүлүк болууда. Мындан улам, Чолпон-Ата шаарында экологиялык жактан таза, кургатылган өрүк саткан атайын жай ачылып иштеп баштады.
Максат- Баткен өрүгүн даңазалоо, өрүк өстүргөн багбандарды, өрүктү кайра иштеткен ишкерлерди колдоо, Кыргызстанга келген туристтерге экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларыбызды тартуулоо болуп саналат.
Дареги Чолпон-Ата шаарынын борбордук паркы,"Баткен берекеси"чатыры (шатер)
Белгилей кетсек, бул иш аракет КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов жана Чолпон-Ата шаарынын мэри Жапарбек Ормонов менен макулдашуусунун алкагында ишке ашты.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы