02 октябрь 2025

Кароолор: 8

Чек ара көзөмөл өткөрүү жайларынын айланасында, шарттарды жакшыртуу маселеси каралды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасына ылайык, Баткен облусунун чек арасынын баардык тилкелеринде жайгашкан көзөмөл өткөрүү пункттарында, Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрүнүн жарандарына заманбап шарттарды түзүү максатында, чек ара көзөмөл өткөрүү пункттарына чектеш аймактардын инфратүзүмүн өнүктүрүү жана айланасын көрктөндүрүү боюнча жыйын өттү.

Жыйынга аким-мэрлер, тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Бактыбек Токсонбаев, бул багытта долбоордук-сметалык документтерди, каржылык экономикалык негиздемелерди даярдоо, алдыдагы жылдардын республикалык бюджетине долбоорун киргизүү боюнча тапшырмаларды койду.

Ошондой эле «Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүчү жерлер болуп саналган башка жерлерде товарларды өткөрүү учурлары жана тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомун аткарууга алууну тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы