06 октябрь 2025
Кароолор: 19
Чек ара айылдарынын тургундарын 1-ноябрга карата көчүрүү пландалууда
Чек ара айылдарынын тургундарын 1-ноябрга карата көчүрүү пландалууда
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев, Баткен жана Лейлек райондорунун жетекчилиги жана облустук тийиштүү жетекчилердин катышуусунда, Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасында алмашылган айылдардын тургундарын көчүрүү маселеси боюнча кеңешме өттү.
Б.Токсонбаев жергиликтүү бийлик органдарына төмөнкү тапшырмаларды койду;
- эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү,
-элдердин түшүм жыйноо өнөктүгүн жыйынтыктоо,
-жаңы айылдарда курулган үйлөрдү чүчү кулак аркылуу бөлүштүрүү,
-20-октябрга чейин Баткен районундагы Жаңы-Достук жана Лейлек районунун Раззаков, Максат айылдарындагы турак үйлөрдүн курулушун бүткөрүү, жашоо үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү,
-25-октябрга чейин ар бир турак үйдүн мамлекеттик актысын бүткөрүү.
Кеңешмеде чек ара айылдарынын тургундарын 1-ноябрга карата көчүрүү иш чараларын уюштуруу маселеси каралып, ар бир жетекчиге тийиштүү тапшырмалар коюлду.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобу тарабынан бекитилип берилген кыймылсыз мүлктү инвентаризациялоо тартибине ылайык, 2025-жылдын 25-августунан 9-сентябрына чейин эки тараптуу комиссия, алмашылуучу айылдардагы кыймылсыз мүлктөрдү инвентаризациялоо иштерин аягына чыгарды.
Натыйжада Баткен облусунан 259 турак үй, Тажикстан Республикасынын Согди облусунан 214 турак үйгө акт түзүлдү.
Бүгүнкү күнгө карата Баткен районунун Көк-Терек айылы менен Тажикстандын Исфара районунун Самонен, Дахма айылдары алмашылды.
Эске салсак, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоонун жыйынтыгында, Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун айрым аймактарынын, Тажикстан Республикасы менен алмашуунун натыйжасында, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылынын тургундарын көчүрүү үчүн, Жаңы Достук айылына 181 турак үйдүн курулушу башталган.
Жаңы турак жай аймагына, Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарынын айрым участкаларынын тургундары да жайгашат.
Ал эми Лейлек районунун аймагындагы айрым алмашылган аймактардын жашоочулары үчүн, Раззаков жана Максат айылдарында жалпы 76 турак жайдын курулуш иштери жүрүүдө.
Учурда жалпы Баткен жана Лейлек району боюнча 257 үй курулууда.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы