19 июль 2023
Кароолор: 96
Чек ара аймактарында АРИС тарабынан 15 социалдык обьекттин курулушу жүрүүдө

Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун чек аралаш аймактарында 15 социалдык обьектилердин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары АРИС уюму тарабынан ишке ашууда. Тагыраагы 10 обьект учурда курулуп жатса, 5 обьекттин капиталдык оңдоп түзөө жумуштары аяктады.
Курулуш иштерин 2023-жылдын аягына чейин бүткөрүү, обьекттерди пайдаланууга берүү пландалган. Ошондой эле ар бир обьектти керектүү жабдуулар жана эмеректер менен камсыздоо жагы белгиленген.
Алар,
- Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылында 275 орундуу Б.Ходжаев атындагы орто мектептин курулушу
-Ак-Сай айылында 75 орундуу «Эделвейс- Жакшылык » балдар бакчасы
-Көк-Таш айылында 120 орундуу Көк-Таш башталгыч мектеби
-Көк-Таш айылында 50 орундуу «Учкун» балдар бакчасы
-Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, Кара-Бак айылындагы Б.Нарматов орто мектебине 100 орундуу кошумча окуу корпусу
-Кара-Бак айыл өкмөтүнун, Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев орто метебине 150 орундуу кошумча корпусу
-Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, Достук айылындагы 100 орундуу орто мектеби
-Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, Достук айылындагы 30 орундуу “Бөбөктай” балдар бакчасы
-Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылындагы ФАП
-Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылыныдагы 225 орундуу Чоң-Талаа орто мектебинин курулушу
Ал эми капиталдык оңдоп түзөөлөр,
-Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Капчыгай айылындагы ФАПтын капиталдык ремонтто жумуштары
-Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Бобордук айылындагы №20 ГСВ
-Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Бобордук айылындагы Ч.Айтматов орто мектеби
-Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка айылындагы №22 ГСВ
-Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн Максат айылындагы 225 орундуу Максат орто мектептин оңдоп-түзөө иштери.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы