21 май 2026
Кароолор: 3
БУУнун Кыргызстандагы жетекчиси Баткенде
БУУнун Кыргызстандагы жетекчиси Баткенде
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу координатору Антье Граве менен жолукту.
Облус башчысы Мамыржан Рахимов, “БУУнун жана анын өнөктөштөрүнүн колдоосунда ишке ашкан долбоорлор, Баткен облусунун туруктуу өнүгүүсүнө, калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга жана өзгөрүп жаткан климат шарттарында өнүгүүгө, гендердик теңчиликти камсыздоого болгон умтулуусуна зор өбөлгө болууда” деп белгиледи.
Ошондой эле аймакты өнүктүрүү боюнча демилгелерди илгерилетүүдө жана ишке ашырууда БУУ институттарынын эксперттик жана программалык колдоосуна ишенимин билдирип, мурдагыдай эле экология, энергияны үнөмдөө жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо багытындагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгиледи.
Өз кезегинде Антье Граве айым да, Баткен облусунун геграфиялык жайгашуусун эске алып, стратегиялык маанилүү аймак катары кызматташууга өзгөчө көңүл бурулаарын айтты.
Белгилей кетсек, Бириккен Улуттар Уюму Баткен облусунда бир катар долбоорлор жана демилгелер аркылуу аялдардын ишкердигин өнүктүрүүнү активдүү колдоп келет.
Ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу долбоорлордун алкагында облус боюнча 7 пилоттук айыл өкмөттө суу үнөмдөөчү жана тамчылатып сугаруу технологиялары киргизилип, бул табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтууга жана 10 миңден ашуун тургунду суу менен камсыздоону жакшыртууга өбөлгө түздү.
Мындан сырткары БУУнун колдоосунда облуста суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу жана ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу боюнча жасалма мөңгүлөр долбоорунун алкагындагы Баткен облусунда жети жасалма мөңгү курулган
Жасалма мөңгүлөр- кыш мезгилинде сууну топтоп, жаз жана жай айларында айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн пайдаланууга багытталган заманбап жана натыйжалуу ыкма. Бул ыкма суу тартыштыгы күч алган аймактар үчүн өзгөчө маанилүү.
Аны менен катар Баткен облусунда деградацияланган жерлерди жашылдандыруу боюнча пилоттук долбоор ишке ашты. Эл аралык практикада кеңири колдонулуп келе жаткан үрөн тоголоктору (seed balls) ыкмасы пайдаланылды.
Долбоор климаттык өзгөрүүлөрдүн шартында Баткен облусунун аймагында экологиялык туруктуулукту камсыз кылууга жана токой фондун калыбына келтирүүгө багытталган.
Үрөн Баткен районунун Сортташ участогунда жана Кадамжай районунун Үч-Коргон токой чарбасынын аймагында 8 гектар аянтка себилди.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы