14 октябрь 2024

Кароолор: 36

Бүгүн өлкөдө 45 объект ачылса анын 25 Баткенде

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата дагы 45 объектин ачылышы болду.

Объектерди ачууга КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров старт берди. 45 объекттин катарында Баткен облусунан 25 объект ачылды. Алар,

4 – административдик имарат,

4 – кызматтык турак үйлөр,

3 – тигүүчү цех,

3 – эс алуучу парк жайлары,

3 – спорт зал,

2 – мектеп,

2 – балдар бакчасы,

2 – логистикалык борбор,

1 – лаборатория,

1 – ишкана.

Жеринен саамалыкка КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев,КРнын Энергетика министри Таалайбек Ибраев, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Кыргызстан Улуттук электр тармагы ААКнун башкы директору Алтынбек Рысбеков, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, энергетиктер жана шаар тургундары катышты.

Жетекчилер Баткен шаарындагы Баткен электр тармактар ишканасынын заманбап имаратын салтанаттуу ачышты.

Баткен электр тармактар ишканасынын жаңы имараты 3 кабат болуп курулуп, 200 жумушчуга ылайыкташтырылган. Заманбап стилде салынып, жаңы мебель, компьютердик техникалар менен камсыздалып, жумушчулар үчүн жатаканасы, ашканасы жана атайын техникалар токтоочу короосу, трансформатор оңдоочу цехи, жабдууларды сактоочу кампасы менен салынган. Ал эми имараттын сметалык баасы 187 380 397 сомду түзгөн. Жалпы аянты 3727 квадрат метр.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы