09 декабрь 2025

Кароолор: 6

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, бир катар актуалдуу маселелерди талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйынга өкүлдүн орун басарлары, район жана шаар акимдери, мэрлер, тиешелүү облустук, райондук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Кеңешменин күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

1. “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу” токтомунун аткарылышы.

Жер мунапыс иштеринин так, мыйзамдык негизде жүргүзүлүшү боюнча отчеттор угулуп, мамлекеттик органдардын бирдиктүү иш алып баруу милдеттендирилди.

2. Күз-кыш мезгилине карата калкты жана социалдык объектилерди көмүр менен камсыз кылуу

Кампадагы көмүр кору, баанын туруктуулугу жана көмүр жеткирүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо боюнча тапшырмалар берилди.

3. Облустагы сел, ташкын коркунучу бар аймактарда мыйзамсыз курулган курулуштарга карата жүргүзүлүп жаткан чаралар

Кооптуу аймактарды бак дарак,кыймылсыз мүлктөн бошотуу, коопсуздук талаптарын сактоо боюнча тийиштүү органдарга көрсөтмө берилди.

4. Аткезчиликке каршы күрөшүүнүн абалы

Чек ара аймактарында мыйзамсыз жүк өткөрүүгө каршы чараларды күчөтүү, көзөмөл постторунун ишин жакшыртуу,өзгөчө мал жандыктарынын чек арадан мыйзамсыз өтүүсүнө бөгөт коюу маселелери каралды.

5. 2026-жылкы түшүм үчүн күздүк кылкандуу дан эгиндерин себүү

Дың жерлерди өздөштүрүү боюнча белгиленген планды аткаруу боюнча маалыматтар айтылды.

6. Электр энергиясын үнөмдөө чаралары

Облуста электр тармагындагы жоготууларды азайтуу, керектөөнү оптималдаштыруу жана калк арасында үнөмдүүлүк боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү белгиленди.

Жыйындын жыйынтыгында ыйгарым укуктуу өкүл Айбек Шаменов бардык жетекчилерге маселелерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарууну тапшырып, жарандардын коопсуздугун жана турмуш-шартын жакшыртуу- негизги приоритет экенин белгиледи.