28 август 2024

Кароолор: 38

Билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси өттү

Билим берүү кызматкерлеринин өткөн окуу жылындагы натыйжалар менен көйгөлөрүн талкуулап, жаңы окуу жылына даярдык көрүү максатын көздөгөн август кеңешмеси, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаковдордун жетекчилиги астында өттү.

Иш чарага жергиликтүү мамлекеттик админстрациялардын, Юнисеф, Мерсико уюмдарынын өкүлдөрү, билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, облустагы жалпы билим берүү кызматкерлери катышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Исаков мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, “билим берүү тармагына багытталган бардык мамлекеттик колдоолор, билим сапатын жогорулатуу максатын көздөйт” деп белгилеп, жаңы окуу жылында жаңы жетишкендиктерге жетүү үчүн, биргелешип иштөөгө чакырды.

“Билим берүүгө 100 жыл: трансформация чакырыктар жана жаңы горизонттор” аталышындагы кеңешмеде, бул тармактагы реформалар, “Алтын Казык” программасынын стандарттары тууралуу айтылды. Тагыраагы Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева,

-Мектепке чейинки билим берүүнү көбүрөөк балага жеткирүү

-12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү

-Окуу материалдарын Кембриж стандарттарына ылайык даярдоо

-Билим берүүнү санариптештирүү боюнча маалымат берди.

Иш чаранын жүрүшүндө Мерсико эл аралык уюмунун мамлекеттик уюмдар менен иштөө боюнча менеджери Саадат Саттарова, БУУнун азык-түлүк программасынын алкагында окуучуларга ысык тамак уюштуруу боюнча алдыңкы айыл өкмөт башчыларына сыйлыктарды тапшырды.

Бул күнү облустагы алдыңкы мугалимдер министрликтин, облустук бийликтин сыйлыктарына татыды.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы