31 январь 2025

Кароолор: 24

Баяман баатыр базарынын айланасын иретке келтирүү иштери башталды

Кадамжай районунун тийиштүү мамлекеттик органдарынан түзүлгөн комиссия бүгүн Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылында жайгашкан Баяман баатыр базары жана анын айланасындагы соода түйүндөрүнө рейддик текшерүү иштерин жүргүзүп, тартип, тазалык боюнча акыркы эскертүүлөрдү берди.

Базардын айланасындагы жеке ишкерлер, жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү тротуарларга товарларын жайып, адамдардын өтүүсүндө ыңгайсыздыктар жаралган. Ал эле эмес тротуарлар тамак аш бышырып сатуучу жайга айланган. Бул көрүнүштү эки күндүн ичинде жөнгө салуу тапшырылды.

Базар Ош-Баткен-Раззаков жолунун боюнда жайгашкандыктан, жол четине токтогон унаалар жол коопсуздук көйгөйүн жаратат. Базарда 10гектар аянтта атайын унаа токтотуучу жай каралганы менен, айдоочулар жол четине башаламан токтоп, тартипке баш ийбей келишет. Ички иштер органдарынын жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер мындан ары көзөмөл күчөтүлөөрүн айтып, башаламан токтогон унаа ээлерине айып салынаарын айтышты.

Комиссия базардагы соодагерлерге жана жеке ишкерлерге тартипти сактоо, өрт коопсуздугун камсыз кылуу, санитардык нормаларга ылайык иш алып баруу, мыйзамсыз курулуштарды бузуп алууну эскертти.

4гектар аянтты ээлеген базарда эт, мөмө жемиш, сүт жана нан азыктарын, кийим кече ж б товарларды сатууга өзүнчө жай каралган.

Белгилей кетсек, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун тапшырмасына ылайык, 2025-жылдын 2-февралынан тарта, облус аймагындагы ири базарларды жана негизги көчөлөрдү иретке келтирүү, мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу иштери башталат.

Максат-жарандардын коопсуздугун жана саламаттыгын сактоо, ыңгайлуу шарт түзүү.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы