09 март 2026

Кароолор: 5

Баткенге Улуу Британия жана Швейцариянын элчилери келди

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер жана Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сирокко Мессерли менен жолугушту.

Тараптар аймактагы миграция маселелери, аялдардын жана жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жергиликтүү ишкердикти колдоо, саламаттык сактоо, климаттык туруктуулук, ошондой эле социалдык долбоорлор боюнча сүйлөштү.

Облус башчысы өз сөзүндө, Швейцария жана Улуу Британия тарабынан каржыланган долбоорлор чакан бизнеске, эмгек мигранттарына жана жаш ишкерлерге чоң колдоо көрсөтүп келээрин белгилеп, “аялдардын жана жаштардын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатуу негизги багыттарыбыздын бири, бүгүнкү күндө Баткен облусунда жеке ишкерлердин 30 пайыздан ашыгы аялдар. Ал эми жарандардын ишкердик демилгелерин колдоо максатында ар кандай гранттык программалар жана окутуу долбоорлору, арзан насыялар ишке ашырылууда” деди.

Жетекчилер кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү үстүндө активдүү аракеттер уланаарына ишеничин билдирип, калктын жашоо-шартын жакшыртуу жана облустун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу негизги максат деп белгилешти.

Белгилей кетсек, Эл аралык миграция уюумунун “Борбор Азиядан Улуу Британияга сезондук жумушчулар үчүн коопсуз миграция” долбоорунун алкагында, Баткен облусунда пилоттук 1+1 программасы, бизнес баштоо жана кеңейтүү багытында долбоорлорду колдоп келет. Долбоордун алкагында эки жылда миграциядан кайткан 28 жаран грант алган.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы