01 октябрь 2025
Кароолор: 9
Баткенге Франциянын Элчиси келди

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев менен Франциянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Фай мырзанын жолугушуусу өттү.
Б.Токсонбаев, өз сөзүндө Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө Франция элчилигинин көңүл бурушун жогору баалап, Баткен облусунун өнүгүүсү, инвестициялык жана туристтик потенциалы тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы маданий кызматташтыктын алкагында, Франциянын демилгеси менен Баткенде уюштурулуп жаткан сүрөт көргөзмө үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Тараптар мындан ары маданият, билим берүү, туризм тармактарында жемиштүү кызматташууну макулдашты.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы